super.kg logo
  Спорт  

Көчмөндөр оюндарында Манас Ниязов, Өмүрбек Эсен уулу көкпар ойнойт (тизме)

 

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын көк бөрү жана көкпар боюнча улуттук курамалары белгилүү болду.

Көк бөрү боюнча командага 12 улакчы, көкпарга 12 оюнчу кирди.

Көк бөрү боюнча курама командада Таштемир Майлыбашев, Мирбек Муташев, Эдилжан Токтогул уулу, Нурбек Юсупов, Тилек Мусабеков, Назар Кошунбаев, Сейитбек Анарбек уулу, Кыяз Ниязов, Айдаркан Анарбеков, Нуржан Мелисбек уулу, Байтегин Оморбеков жана Айтбек Жолдошбек уулу бар.

Команданы Бектур Шүкүров жетектеп, башкы машыктыруучусу Урмат Мусаев болмокчу. Ал эми саяпкери Калыбек Алтыбаев.

Көкпар курамасында Жолдошбек Орозбаев, Кубаныч Султан уулу, Эрсултан Айдаркан уулу, Дастан Качкынбаев, Эрлан Төлөбеков, Рустам Мүдүнов, Дастан Русланов, Дастан Сагынбек уулу, Рустам Тыналиев, Манас Ниязов, Исхак Бекболот уулу жана Өмүрбек Эсен уулу ойнойт.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстандын намысын коргой турган эки команда тең алдыдагы мелдештерге кызуу даярдык көрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: