super.kg logo

Зеленский АКШнын Украина боюнча сүйлөшүүлөргө жетиштүү деңгээлде катышпай жатканын айтты

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө АКШ тарап жетиштүү деңгээлде катышпай жатканын билдирди.

Тынчтык планына америкалык тараптын көбүрөөк катышуусу керек”,- деди Зеленский CNN телеканалына берген маегинде. Ал журналисттин Киев Вашингтонго сунуштарды жөнөткөнү тууралуу суроосуна жооп берип жатып ушундай пикирин айтты.

Буга чейин бейшемби күнү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Зеленскийдин Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча АКШга берген сунуштары тууралуу Москвада маалымат жок экенин билдирген. Анын айтымында, АКШ бул сунуштарды дипломатиялык каналдар аркылуу Орусияга өткөрүп берген эмес.

Ошондой эле Орусиянын Федерация Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Григорий Карасин АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнерди жаңы сүйлөшүүлөр үчүн Москва кабыл алууга даяр экенин, буга эч кандай тоскоолдук жок экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: