Казакстанда “Дайвинчик” таанышуу сервисине тыюу салынды
Казакстанда Telegram мессенджериндеги популярдуу “Дайвинчик” таанышуу сервисинин ишмердүүлүгүнө соттун чечими менен тыюу салынды. Бул тууралуу казакстандык Tengrinews басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Алматы шаарындагы Алатау райондук соту райондун прокурорунун арызынын негизинде кабыл алган.
Алматы прокуратурасынын маалыматына караганда, 2025-жылдын 30-октябрында Алатау районунун көзөмөл органы жашы жете элек кызга карата мыйзамсыз аракеттер жасалган факты боюнча кылмыш ишин сотко жөнөткөн. Кыз таанышуу сайты аркылуу кийин ага карата мыйзамсыз аракеттерди жасаган адам менен таанышкан.
Ошондой эле прокуратура буга чейин Telegram платформасында “Дайвинчик знакомства” аттуу канал жаш курак боюнча чектөөсүз иштеп, жашы жете электердин коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын аныктаган.
Ушуга байланыштуу прокуратура аталган сервисти мыйзамсыз деп таануу жана анын Казакстандын аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча сотко доо арыз берген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















