Билл Гейтстин кызы 20 жылга чейин соттолушу мүмкүн
Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтстин кызы Фиби Гейтске алдамчылык боюнча кылмыш ишинин алкагында 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы коркунуч жаратууда. Бул тууралуу юрист Ариэль Гивнер чел өлкөлүк маалымат каражаттарына билдирди.
Маалыматка караганда, Фиби Гейтс жана анын өнөктөшү, электрондук соода тармагындагы Phia стартапынын негиздөөчүсү София Кианни кеминде 7 ай бою жасалма cookie-файлдар колдонулуп жатканын билишкен. Башкача айтканда, аталган стартап жасалма технология аркылуу өзү алып келбеген кардарлардын сатып алууларын да өзүнүн эсебине жазып турган.
Юристтин айтымында, АКШда мындай аракеттер электрондук байланыш каражаттарын колдонуу менен жасалган федералдык алдамчылык катары каралышы мүмкүн. Мындай учурда 20 жылга чейин эркинен ажыратуу, ошондой эле айып пул жана келтирилген зыянды өндүрүү каралган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















