super.kg logo

Нарынга жакын аймактардагы боз суурлар изилденүүдө 

 

Бүгүн, 17-августта Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна чектеш аймактарда боз суурларга (Marmota baibacina) морфологиялык жана патоморфологиялык изилдөө жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Изилдөө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери тарабынан Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору Алдаяров менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Анын негизги максаты - боз суурлардын жалпы абалын, сырткы белгилерин жана ден соолугун изилдөө, ошондой эле жапайы жаныбарларда кездешүүчү оорулардын белгилерин эрте аныктоо.

Талаа иштеринин алкагында суурларга байкоо жүргүзүлүп, алардын абалына баа берилди. Мындан тышкары, Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлерине жапайы жаныбарлардагы оорулардын белгилерин аныктоо, коопсуздук чараларын сактоо жана шектүү учурлар тууралуу адистерге өз убагында маалымат берүү боюнча практикалык окуу өткөрүлдү.

Изилдөөлөрдү улантып, алынган маалыматтарды илимий жактан талдоо пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: