"Түндүктөгү" маалыматтардын чыгып кетиши боюнча тергөө жүрүүдө
Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова "Түндүктөгү" маалыматтардын соцтармактарга чыгып кетиши боюнча Башкы прокуратурага жана Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке кайрылуу жөнөткөнүн билдирди.
"Мамлекеттик агенттик жагдайларды тактоо үчүн башка мамлекеттик органдарга суроо-талап жөнөттү. Натыйжада, Ички иштер министрлиги бул маселе боюнча алдын ала тергөө баштаганы жана менин өтүнүчүм ошол алкакта каралып жатканы аныкталды. Менин жеке маалыматтарым мыйзамсыз жарыяланды. Ал эми мыйзамды бузган кызмат адамы аны дагы эле өзүнүн баракчасынан өчүрө элек", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, июнь айынын 20сында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков коомчулукту козутууга аракет кылган күчтөр бар деп билдирип, алардын "Түндүктөн" алынган жеке маалыматтарын чыгарган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















