“Жөргөмүш адам: Жаңы күн” тасмасы дүйнөлүк сатыкта тарых жаратты
“Жөргөмүш адам: Жаңы күн” тасмасы дүйнөлүк кинопрокатта чоң ийгиликке жетишти. Тасма үч жуманын ичинде 2 миллиард доллардан ашык киреше чогултуп, бул көрсөткүчкө жеткен тарыхтагы экинчи эң ылдам тасма болду.
Питер Паркер тууралуу жаңы тасма 2 миллиард долларлык чекти болгону үч дем алыш күндүн жыйынтыгында ашты. Бул көрсөткүчкө мындан да тез 2019-жылы чыккан “Мстители: Финал” тасмасы жеткен.
Variety басылмасынын маалыматына караганда, “Жөргөмүш адам: Жаңы күн” үчүнчү дем алышта Түндүк Америкада болжол менен 70 миллион доллар киреше таап, жергиликтүү сатыкта биринчи орунду сактап калды.
Учурда тасманын дүйнөлүк жалпы кирешеси болжол менен 2,02 миллиард долларды түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:02
2026-08-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















