super.kg logo

Эми депрессия коркунучун 4 жыл мурда аныктоого болот

 

Шэньчжэнь университетинин окумуштуулары адамда депрессиянын өнүгүү коркунучун 4 жыл мурда болжолдой ала турган жасалма интеллект моделин иштеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Изилдөө Европада өспүрүмдөрдүн депрессиясы боюнча жүргүзүлгөн 2 клиникалык изилдөөнүн маалыматтарынын негизинде жасалган. Катышуучулар эмоцияларды чагылдырган сүрөттөрдү көрүп жаткан учурда мээнин иштешин МРТ аркылуу текшерүүдөн өтүшкөн.

Окумуштуулардын айтымында, депрессиясы жок адамдар бет мимикасындагы эмоцияларды так айырмалай алат. Ал эми депрессияга жакын адамдар жылмаюу сыяктуу позитивдүү белгилерден көрө ачуулануу, кыжырдануу сыяктуу терс эмоцияларды көбүрөөк байкашы мүмкүн.

Изилдөөдө 19 жаштагы адамдын мээси беттеги эмоцияларды айырмалай албаганы анын 23 жашка чейин депрессия жана тынчсыздануу белгилерине көбүрөөк дуушар болуу коркунучу менен байланыштуу экени аныкталган.

Мындан тышкары, модель 400 өспүрүмдүн маалыматтарында сыналган. Атайын маркердин өзгөрүшү клиникалык жактан оор депрессия диагнозу коюлган 134 адамдан гана аныкталган. Окумуштуулар бул ыкма келечекте депрессияны эрте аныктоого жардам бериши мүмкүн деп эсептешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: