"Кыргызстан сулуусу - 2026" бийиктиктеги трюгу менен таң калтырды (видео)
Кечээ, 17-августта "Кыргызстан сулуусу - 2026" наамынын ээси Адина Бектурова Кыргызстандын тоолорунун фонунда тартылган өзгөчө видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Видеодо Адина курулуш кранынын бийик конструкциясында гимнастикалык элементти аткарып жатканын көрүүгө болот.
Кинематографиялык стилде тартылган роликте арткы планда Кыргызстандын тоолору көрүнүп турат. Адина өз өлкөсүн даңазалап, анын улуулугун жана кооздугун дүйнөгө көрсөтүүнү каалай турганын жазган.
Видео социалдык тармакта көпчүлүктүн көңүлүн буруп, кыздын трюгу кызуу талкууга алынган. Айрым колдонуучулар анын чеберчилигине суктанышса, айрымдары бийиктиктеги кооптуу көрүнүшкө тынчсыздануусун билдиришкен.
"Кыргызстан сулуусу - 2026" бийиктиктеги трюгу менен таң калтырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:56
2026-08-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















