Кытайдан авиакеросин жана дизелдик отун ташыла баштайт
Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда Кытай Коммунисттик партиясынын комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзян менен жолукту.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун ыргагы ийгиликтүү жүрүп жатканы белгиленген.
"Мени менен бирге Кыргызстандын мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн ишкерлери келишти. Алардын айрымдары кытайлык компаниялар менен кызматташууну буга чейин эле башташкан. Кечээ эки өлкөнүн мамлекеттик органдары Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүгө байланыштуу транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу жана башка тиешелүү маселелерди талкуулоо боюнча жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.
Биздин бир катар компанияларыбыз авиакеросин жана дизелдик отунду жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Күйүүчү майдын алгачкы партиялары Кытайдан Кыргызстанга ийгиликтүү жеткирилди. Буга байланыштуу, бул маселеде көрсөтүлгөн колдоо жана жардам үчүн Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдиргим келет”, - деген Акунбеков.
Жолугушуунун жыйынтыгында, нефть рыногундагы эл аралык кырдаалды жана Кыргызстанды мунай продуктылары менен туруктуу камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү процессин жеңилдетүү жана тездетүү макулдашылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















