Бишкектеги жаңы кичи район кандай болот?

Акыркы убакта турак жай тандоонун критерийлери өзгөрүп бара жатат. Мурда негизинен батирдин аянты жана анын чарчы метринин баасына маани берилчү. Ал эми учурда буга мектеп менен медициналык мекеменин жакын жайгашканы, көрктүү короо менен сейилдөө жайлары, ошондой эле шаар менен байланыштырган транспорттук каттамдын жеткиликтүүлүгү сыяктуу талаптар кошулууда.


Буга жаңы курулуштар рыногунун активдүү өнүккөнү себеп.
«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын биринчи кварталында Бишкекте батирлерге байланыштуу 2686 келишим катталган. Быйылкы 5 айда өлкө боюнча батирлердин баасы 17,2%га өскөн. Бул жагдайга байланыштуу батир тандоо күн сайын турак жайдын өзүн гана эмес, адам жашай турган аймакты да тандоо болуп баратат. Жарандар үчүн үйдүн жанында эмнелер бар экени жана күнүмдүк маселелерди жолго көп убакыт коротпой эле чечүү мүмкүнчүлүктөрүнүн болгону чоң мааниге ээ.

Бишкекте ушундай шарттарды түзгөн сунуштардын бири — «Чыгыш-7» кичи району. «BRK Group» курулуш компаниясынын бул долбоору шаардын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.
«Чыгыш-7» сандар менен:
• 41 турак үй;
• 12-16 кабаттуу;
• 2027-жыл — алгачкы кезек ээлерине берүү;
• долбоорду этап-этабы менен куруу.
«Чыгыш-7» курулуш башталганга чейин эле иштелип чыккан бирдиктүү план боюнча курулуп жатат. Башынан эле мектеп жана медициналык мекеме, сейилдөөчү аллеялар, спорттук жана балдар аянтчалары, 1-кабаттарда коммерциялык жайлар жайгашып, жашылдандыруу иштери жүрөт деп пландалган.

Долбоордо сейилдөө жана эс алуу үчүн ыңгайлуулук жараткан короолорго өзгөчө көңүл бурулду. «BRK Group» компаниясы пландоо учурунда эле болочоктогу тургундардын муктаждыктарын аныктоо жана кичи райондо кандай инфраструктура зарыл экенин билүү үчүн сурамжылоо да жүргүзгөн.

Сатып алуучу үчүн батир менен кошо эмне алып жатканы да маанилүү. Анткени жеке турак жай үй маселесин чечкени менен, мектеп, сейилдөөчү жай, дүкөн жана башка күнүмдүк муктаждыктарга байланыштуу маселелерди дароо эле чече албайт эмеспи.

Курулуш компаниясы үчүн комплекстүү пландаштыруу деген үйлөрдүн жайгашуусун гана эмес, алардын тегерегинде түзүлүүчү шарттарды да эске алуу зарылчылыгын билдирет. Мындан улам ушундай долбоорлордун инфраструктурасы тургундар жашап баштагандан кийин гана пайда болбостон, жалпы концепциянын бир бөлүгү болуп саналат.

«Чыгыш-7» турак жай комплекси кезек-кезеги менен курулуп жатат. Анда 12 кабаттан 16 кабатка чейинки жалпы 41 үйдү тургузуу планы бар. 2027-жылдан тарта пайдаланууга берилүүчү алгачкы үйлөрдүн курулушу тынымсыз жүрүүдө.
«BRK Group» курулуш компаниясынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын август айынын башында блокторго жараша:
- биринчи кезектеги курулуш 3-4 кабатка;
- экинчиси 2-6-кабатка чейин жетти.
Иштер бекитилген график боюнча жүрүп жатат.
Долбоор балалуу үй-бүлөлөргө да, жаңы районго көчүүнү пландап жаткан жарандарга да ылайыкталган.
Толугу менен пландаштырылган аймак «Чыгыш-7» долбоорунун негизин түзөт. Алар: бирдиктүү концепциянын алкагындагы турак үйлөр, социалдык объектилер, коммерциялык жайлар жана көрктөндүрүү иштери.
Мындай ыкма бара-бара Бишкекте жаңы турак жай райондорун өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгүнө айланып баратат.
Толук маалымат үчүн байланыш:
Тел.: +996 998 555 577, +996 706 555 577
Сайт: brk.kg
Instagram: brkgroup.kg, vostok7_kg
Дарек: Шабдан баатыр проспектиси №25
0

Супер-Инфо
super.kg видео























