super.kg logo

Көл жээгиндеги кино: Ысык-Көлдө Beelineдан акысыз кино көрсөтүүлөр

 

Beeline улуттук мобилдик оператору Ысык-Көлдө акысыз кино көрсөтүүнү улантат. Августтун ар жума жана ишемби күндөрү көлдүн түндүк пляждарында ачык асман алдындагы унутулгус кинокечелер уюштурулат. Beeline баарыңыздарды кино жана жайкы маанайдан ырахат алууга чакырат.

Ушул аптада алгачкы иш-чараларыбыз орун алат:

7-августта, саат 18:30 — Кош-Көл айылындагы Ololo Ak Jol пансионатында;
8-августта, саат 18:30 — Бостери айылындагы Kyrgyzaltyn Resort эс алуу борборунда.

Кийинки көрсөтүүлөр «Алтын-Көл» (Кара-Ой айылы), «Ак-Марал» (Бает айылы) пансионаттарында жана башка жерлерде болот.

Beeline'дын расмий Instagram баракчасында көрсөтүүлөрдүн актуалдуу убакыттары жана локациялары тууралуу маалымат жеткиликтүү болот.

Экранда Beeline’дын демөөрчүлүгү менен тартылган «Бейиш 2: Апама кат» жана «Нелегал. Мексика аркылуу» аттуу жаңы ата мекендик тасмалар көрсөтүлөт.

Ошондой эле программада белектер, оюндар жана интерактивдер менен сынактар болот. Жаркын сүрөттөр үчүн эстеликке атайын фотозона орнотулат. Ал эми көрүүчүлөр кинонун чыныгы атмосферасын сезиши үчүн попкорн таратылат.

Beeline AZO кыргыз фильмдеринин онлайн-кинотеатрынкино көрсөтүүлөрдү уюштуруудагы жардамы үчүн ыраазычылык билдирет. Компания ошондой эле меймандостугу жана демилгени колдогондугу үчүн пансионаттардын администрацияларына ыраазычылыгын билдирет.

Бардык кино көрсөтүүлөргө кирүү акысыз. Ысык-Көлдүн жээгинде кино көрүүгө келгиле!

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КР МТжБМК караштуу МБА тарабынан берилген №15-1420-КР, №16-1526-КР лицензиялары, СӨМ караштуу МБА тарабынан берилген №21-0482-КР лицензиясы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: