Кыргызстанда кохлеардык импланты бар балдарга 30 миллион сомдук аппараттар берилди
Бүгүн, 18-августта Кыргызстанда биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен кохлеардык импланты бар балдар үчүн 30 миллион сомго 35 сүйлөө процессору сатып алынды. Жабдуулар Австралиядагы Cochlear компаниясынан түздөн-түз алынган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Кохлеардык имплант - катуу укпай калган же такыр укпаган адамдарга үндү кабыл алууга жардам берген медициналык түзүлүш. Ал эми сүйлөө процессору - анын сырттан тагылуучу бөлүгү. Ал айланадагы үндөрдү кабыл алып, сигналга айлантып, адамдын кулагына орнотулган имплантка өткөрүп берет. Мунун аркасында адам үндөрдү жана сүйлөөнү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Алгачкы 11 бейтапка процессорлор тапшырылып, адистер аларды ар бир адамдын өзгөчөлүгүнө жараша орнотуп, жеке жөндөөлөрүн жүргүзүштү. Калган алуучулар жабдууларды 19 жана 20-августта алышат.
Бир процессордун баасы болжол менен 800 миң сомду түзөт. Министрликтин маалыматына караганда, мындай кымбат баалуу жабдууларды республикалык бюджеттин эсебинен сатып алуу Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашты.
Мамлекет мындай аппараттарды үй-бүлөлөргө акысыз берүү менен угуусу начар балдардын сүйлөө, билим алуу жана коомго аралашуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү көздөйт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















