super.kg logo

Ысык-Көлдө атайын унааларга жол бербеген айдоочулар аныкталууда

 

Ысык-Көл облусунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана тез жардам, өрт өчүрүү сыяктуу атайын кызматтардын унааларынын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылуу максатында «Маяк» алдын алуу иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Ысык-Көл ОИИБдин ЖКККБ кызматкерлери ӨКМ жана Тез жардам кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Каракол шаарында рейд өткөрүштү.

Рейд учурунда атайын жарык жана үн сигналдары күйгүзүлгөн кызматтык унааларга жол бербеген айдоочулар аныкталды. Аларга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды.

Мындан тышкары, айдоочуларга атайын кызматтардын унааларына жол берүү тартиби жана өзгөчө кырдаалдарда алардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуунун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери айдоочуларды атайын сигналдары күйгүзүлгөн кызматтык унааларга өз убагында жол берүүгө чакырышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: