Үч бир тууган Орусиядан Кыргызстанга кайтарылды
Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды.
Буга чейин Москвада Кыргызстандын жараны жашы жете элек баласын ооруканага жаткырып, кийин полиция тарабынан кармалып, өлкөдөн чыгарылганы тууралуу маалымат тараган. Натыйжада анын баласы кароосуз калганы айтылган.
ИИМдин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө бала 2026-жылдын 3-июлунда өзүнүн агасы жана эжеси менен бирге Москвадагы балдар реабилитациялык борборуна ата-энесинин камкордугусуз калган балдар катары жайгаштырылганы аныкталган.
Министрдин тапшырмасы менен үч бир тууган Кыргызстанга алып келинип, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында атасына өткөрүлүп берилди.
ИИМ жашы жете элек балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын укуктарын коргоо боюнча иштер улантыларын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















