Нурдан Орунтаев: “Ош шаарында бир да курулуш токтогон жок”
Ош шаарында учурда социалдык жана ири инфраструктуралык объектилердин курулушу активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 18-августта Ошко болгон иш сапарынын алкагында билдирди.
Пресс-тур учурунда журналисттерге Президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан 10 жаңы мектептин, эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн, «Эне-Сай Сити» турак жай комплексинин жана «Ош-сити» долбоорундагы IT-шаарчанын курулушу көрсөтүлдү.
Министрдин айтымында, мектептердин сыйымдуулугу 275тен 1200 орунга чейин жетет.
«Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы бир катар маанилүү курулуш объектилериндеги иштер активдүү жүрүп жатат, бир да курулуш токтогон жок. Биз үчүн негизги талап — курулуштун сапатын камсыз кылуу, каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жана объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү», - деди Нурдан Орунтаев.
Иш сапардын жүрүшүндө министр курулуш материалдарынын сапаты, каржылоо, объектилердин мыйзамдуулугу жана иштердин аткарылышы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















