Нарында жаңы ок атуу тиреги ачылды
Кечээ, 17-августта Нарын облусунда жаңы ок атуу тиреги пайдаланууга берилди. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Салтанаттуу ачылыш аземине Нарын облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги Акназар Акматалиев, Кыргыз Республикасынын Ок атуу спорту федерациясынын жетекчиси Жибек Молдоева, Нарын облусунун губернаторунун орун басары Жылдыз Мамбетова жана Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын өкүлү Айгерим Мамеева катышты.
Жаңы спорттук тир ок атуу боюнча спортчулардын машыгуусуна жана мелдештерди өткөрүүгө кошумча мүмкүнчүлүк түзөт. Анын ачылышы аймактарда спорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана жаш спортчуларды даярдоо үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Ачылыш аземинин алкагында жаңы объекттин ишке киришине арналган мелдеш өтүп, спортчулар өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүштү. Ошондой эле иш-чаранын коноктору үчүн ок атуу боюнча мастер-класс уюштурулду.
Андан соң Кыргызстандын ок атуу боюнча өспүрүмдөр курама командасынын окуу-машыгуу жыйыны башталды. Жаңы тир жаш спортчуларга машыгууларын улантып, спорттук чеберчилигин жогорулатууга шарт түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















