Өлкөдө жарым жылда катталган үй-бүлөлүк зомбулуктар
Өлкөдө алты айда 13 миң 625 үй-бүлөлүк зомубулук фактысы катталды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3361 фактыга көп.
Ички иштер министрлигинин сайтындагы отчёттук маалыматта зомбулук жасаган адамдарга карата 11 миң 337 коргоо ордери берилгени көрсөтүлөт. Анын 10 миң 631и эркектерге берилсе, 706сы аялдарга берилген. Ал эми зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата да 11 миң 337 коргоо ордери берилген. Анын ичинен 624ү жабыр тарткан эркеке, 10 миң 384ү аялдарга, 331и майыптыгы барларга берилген.
Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси менен 21, "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" менен 3, "Ден соолукка оор зыян келтирүү" менен 20, "Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү" беренеси менен 14 кылмыш иши ачылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















