ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын ачылышында парктар иштей берет (видео)
ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы учурунда парктар иштей берет. Бул тууралуу кечээ, 18-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул күндөрү шаар тургундары парктарда сейилдей алышат. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте коопсуздукту камсыз кылышат.
Айта кетсек, 31-август жана 1-сентябрда расмий делегациялар өтүүчү аймактардагы айрым соода борборлорунун иши убактылуу токтотулат. Ошондой эле айрым базарлар жабылып, 29-августтан тарта бир катар жер алдындагы өтмөктөргө чектөө киргизилет.
ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын ачылышында парктар иштей берет
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















