Бөлтүрүк отурган баалуу кресло каякта сакталууда?
Өлкө башчы Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде "Кумтөрдүн" мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн иштен алынышына комментарий берип жатып кресло жөнүндө сөз кылган.
Президент кендин иштешинде бир топ мыйзам бузуулар аныкталганын белгилеп, андан тышкары Теңгиз Бөлтүрүктүн 6000 долларга кресло сатып алганын сындаган.
"Тергөөдө сен эмнеге 6000 доллларга кресло сатып аласың?" десе, "менин боюм кичинекей болгондуктан 600 долларлык креслодо отурсам көчүгүм сыйгалана берет, анан 6000 долларлыгын сатып алдым" дептир", - деген Жапаров.
Бул маектен кийин Теңгиз Бөлтүрүк өзү алган кресло президенттин кеңсесинде экенин айтып чыкты.
"Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев акыркы жолу жолукканда, алар жашыл креслолорго отуруп алып сүйлөшүшкөн. Мен ал эмеректерди көп жолу видеолордон көрдүм", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.

Айтылган жооптон кийин "Ала-Тоо 24" телеканалы креслонун сакталып турган жерин көрсөттү.
Анда кабарчы креслонун наркы 6984 евро экенин айтат. Италиядан алынып келген эмеректер "Кумтөр" ишканасынын кампасында сакталуу экени баяндалат. Анда аталган эмеректер эч ким тарабынан колдонулбаганы кошумчаланды.
Президенттин маегинин алдында Теңгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдү" алуу анын эмгеги экенин айтып, өлкө башчыны дебатка чакырган. Ал ошондой эле иши боюнча ачык соттук териштирүүгө да даяр экенин билдирген.
Эске салсак, Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 миллиард 146 миллион сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.
Эки күндөн кийин, 23-ноябрда Теңгиз Бөлтүрүк мамлекетке 862 миллион сом төккөнү айтылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















