"Куткаруучулар" сериалынын тартуу иштери башталды (видео)
Бүгүн, 19-августта, "Куткаруучулар" аттуу жаңы сериалдын тартуу иштери башталганы белгилүү болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Сериал Кинематография департаментинин жана "Кыргызсериал" мамлекеттик мекемесинин колдоосу менен Cheber Production киностудиясы тарабынан тартылууда. Долбоордун режиссёру жана продюсери – Азамат Исмаилов.
Сериалда Кыргызстандын белгилүү актёрлору роль жаратышат. Анда куткаруучулардын күнүмдүк кесиптик ишмердиги, жоопкерчилиги, кайраттуулугу жана адам өмүрүн сактап калуу жолундагы татаал эмгеги баяндалат.
Тартуу иштери Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жүргүзүлөт. Долбоордун максаты – куткаруучулардын кесибинин маанисин коомчулукка жеткирүү жана алардын эмгегине болгон сый-урматты арттыруу.
"Куткаруучулар" сериалынын тартуу иштери башталды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















