Ошто эстакадалык көпүрө Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат (видео)
Бүгүн, 19-августта Ош шаарындагы Осмонов, Айтиев жана Көкүм бий көчөлөрүнүн кесилишиндеги эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турганы маалымдалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, объекттин курулушу 2025-жылы башталган. Көпүрөнү 31-август – Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.
"Учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат. Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Долбоордун наркы 500 миллион сомдун тегерегин түзөт. Эстакаданын узундугу 84 метр", - деди Орунтаев.
Мындан тышкары министр курулуш иштери тиешелүү документтери жок, оозеки келишимдин негизинде башталганын белгилеген.
Ошто эстакадалык көпүрө Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:41
2026-08-19
14:55
2026-08-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















