Жүргүнчү айдоочуга кол салып, автобустун эшигин сындырды (видео)
18-августта саат 21:30 чамасында №13 каттамдагы автобуста жүргүнчү айдоочуга кол салып, автобустун эшигин таш менен сындырып кеткен. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы маалымдады.
Алдын ала маалыматка караганда, жүргүнчү айдоочуну оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, кийин ага кол салган. Андан соң автобустан түшүп бара жатып, эшикти таш менен уруп, сындырып кеткен.
Бул факт милицияга катталып, учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Жүргүнчү айдоочуга кол салып, автобустун эшигин сындырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:41
2026-08-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















