Оштогу Ишматов көчөсү 4 тилкелүү жолго кеңейтилет
Ош шаарындагы Ишматов көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөө жана жол куруу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Долбоорго ылайык, узундугу 3,5 чакырым болгон жол 4 тилкелүү болуп, 24 метрге чейин кеңейтилет. Ошондой эле жолдун эки тарабына туурасы 2,5 метрден болгон тротуарлар салынып, ирригациялык лотоктор орнотулат жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Ишматов көчөсү К. Исаков жана Базаров көчөлөрүн бириктирген маанилүү транспорттук каттамдардын бири. Бул жол аркылуу жүк ташуучу унаалар көп каттагандыктан, анын начар абалы жергиликтүү тургундар үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген.
Жол жаңылангандан кийин транспорт кыймылынын сапаты жогорулап, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттар түзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:41
2026-08-19
14:55
2026-08-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















