super.kg logo

Испаниянын Сеута аймагындагы мигранттар депортациядан коркуп, ооруканага кайрылбай жатышат

 

Испаниянын Сеута автономдуу шаарында Мароккодон массалык түрдө өтүп келгенден кийин ошол жерде калган көптөгөн мигранттар депортациядан коркуп, ооруканага кайрылбай жатышат. Бул тууралуу Сеутадагы дарыгерлер коллегиясынын төрагасы Энрике Ровиральта чет элдик басылмаларга билдирди.

Анын айтымында, айрым мигранттар шаар боюнча тарап, жашырынып жүрүшөт. Ошондуктан көпчүлүгү депортацияланып кетүүдөн чочулап, медициналык жардам алуу үчүн ооруканага баруудан баш тартышууда.

Ровиральтанын белгилешинче, мындай кырдаал Сеутадагы чыныгы эпидемиологиялык абалды баалоону кыйындатууда.

Коркунучтун деңгээлин аныктоо мүмкүн болбогондо, эң начар сценарийге таянып, мүмкүн болуучу оорулардын очокторуна даяр болушубуз керек”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: