Иран ТИМи Трамптын Иранга каршы экономикалык саясатын сынга алды
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи АКШ президенти Дональд Трамптын Иранга каршы жарыялаган жаңы экономикалык чараларын сынга алды.
Арагчинин айтымында, Трамптын "Экономикалык D-Day" деп атаган демилгеси АКШдагы экономикалык көйгөйлөрдөн коомчулуктун көңүлүн башка жакка буруу аракети. Ал АКШнын мамлекеттик карызынын өсүшү жана пайыздык чыгымдардын көбөйүшү өлкөнүн экономикасына олуттуу басым жасап жатканын белгиледи.
Ирандын ТИМ башчысы Вашингтон Иранга карата азыркы саясатын уланта берсе, жаңы жеңилүүлөргө туш болушу мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле бул саясат Иран элинин АКШга болгон терс мамилесин күчөтөрүн билдирди.
Буга чейин Дональд Трамп Иранга каршы масштабдуу экономикалык кысым көрсөтө баштаганын жарыялап, Тегеран менен экономикалык байланыштарын уланткан өлкөлөргө оор кесепеттер болорун эскерткен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















