Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасын камсыздоону күчөтөт
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйында Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы мунай рыногунун учурдагы абалы талкууланды. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери мунай заттарын импорттоо, зарыл болгон запастарды түзүү жана күйүүчү-майлоочу материалдарды саткан компанияларга мамлекеттик субсидия берүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Жыйындын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоону, рыноктогу абалга мониторинг жүргүзүүнү күчөтүүнү жана ар бир компания менен өзүнчө иш алып барууну тапшырды.
Ошондой эле мунай заттарын импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү, мамлекеттик чек арадагы логистикалык маселелерди чечүү жана зарыл чараларды өз убагында көрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдар рыногун камсыздоо багытында Россия, Беларусь, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташат.
Өлкөнүн мунай заттарына болгон жылдык керектөөсү орточо эсеп менен 1,5 миллион тоннадан ашат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















