Бишкекте айдоочу рулду башкара албай, тосмону сүздү (видео)
Кечээ, 20-августта саат 22:30 чамасында Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, түштүк багытты көздөй бара жаткан Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен рулдук башкарууну жоготуп, жол четиндеги тосмону сүзгөн.
Жол кырсыгынан каза болгондор жана жабыркагандар болгон эмес. Окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Бишкекте айдоочу рулду башкара албай, тосмону сүздү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















