super.kg logo

Автобустагы ката жазуу боюнча түшүндүрмө берилди

 
Бишкек шаардык мэриясы автобустун бренддик жасалгалоосундагы «Бишкет» деген жазуу боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүүнүн алкагында коомдук транспортторго бренддик чаптамалар чапталган.
"Автобустарга жайгаштырылган бренддик материалдарда Кыргызстандын борборунун аталышы "Бишкек" туура жазылган. Ушуга байланыштуу социалдык тармактарда тараган «Бишкет» деген жазуу типографиялык ката эмес.
Бренддик стикерлери бар ар бир автобус "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү тарабынан текшерилип, кабыл алынды.
Социалдык тармактарда маалымат таратылгандан кийин, бардык 800 автобус кайра текшерилди. Текшерилген автобустардын биринде да бул жазуу табылган жок.
Текшерүү иштери уланууда", - дешти мекемеден.
Кечээ, 20-августта интернет желелеринде Бишкекте шаардык автобустардын биринен ката байкалганы тууралуу видео тараган. Анда борбордун аталышы орус тилинде "Бишкет" деп туура эмес жазылып калганы айтылган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: