Кытайдагы көргөзмөдө роботтун талмасы кармап калды (видео)
Интернет желесинде гуманоид роботтун калчылдап жерде жаткан видеосу тарап, кызуу талкуу жаратты. Кадр Кытайдын Пекин шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк робототехника конференциясында тартылган.
Маалым болгондой, гуманоид роботтун пультунун иштебей калышынан улам ал жерге кулап, башаламан титирей баштаган. Ошол учурда кызматкерлер аны токтотууга аракет кылышканы менен майнап чыккан эмес.
Бул видео интернет желесинде популярдуулукка ээ болуп, колдонуучулар роботту таарынган балага, талмасы кармаган оорулуу адамга салыштырышууда.
Айта кетсек, дүйнөлүк робототехника конференциясындагы робот көргөзмөсү 19-августтан 23-августка чейин Пекинде өтөт.
Кытайдагы көргөзмөдө роботтун талмасы кармап калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:15
2026-08-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















