super.kg logo

"Кыргызча айтканда ал акчалар желмек". Манаста 3 объекттен 1,1 миллирад сом үнөмдөлдү

 
Курулуш министри Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы үч ири объектинин курулуштарынын долбоордук сметалык наркы кайра каралып чыкканын айтты.
Мекеме маалымдагандай, 1 миллирад 100 миллион сом каражат үнөмдөлгөн.
"Жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан салынып жаткан объекттер Курулуш министрлигине алынган. Алар спорт комплекс, "Акылман" лицейи жан облустук клиникалык оорукана болчу. Биз өткөрүп алып, анан текшерүүгө алганда бир нече туура эмес жерлери чыккан.
Мурунку документтеринде парталар 60 миң сомдон көрсөтүлгөн. Бирок парталар 10 миң сомдук болуп чыккан. Дагы башка нерселери бар. Кыргызча айтканда ал акчалар желмек", - деди министр.





"Кыргызча айтканда ал акчалар желмек". Манаста 3 объекттен 1,1 миллирад сом үнөмдөлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: