Айыл чарба министрлиги өлкөдө түшүмдүн молчулугу жакшы экенин кабарлады
Айыл чарба министрлиги өлкө боюнча түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүп жатканын жарыялады.
Маалымдалгандай, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 365,9 миң гектар дан эгини жыйналып, жалпы түшүм 1 миллион 69,8 миң тоннаны түзгөн. Быйыл түшүмдүүлүк да жогорулап, орточо көрсөткүч гектарына 27,6 центнерге жеткен. Өткөн жылы бул көрсөткүч 24,8 центнер болгон.
205,7 миң гектардан 617,5 миң тонна буудай жыйналган. Мындан тышкары, 363,2 миң тонна жашылча, 178,5 миң тонна картошка жана 83,4 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















