Бишкекте 71 чет өлкөлүккө жаза чегерилди
Бишкек шаарында чет өлкөлүктөр эмгектенишкен 20дан ашык курулуш объектиси текшерилди. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 71 чет өлкөлүк милицияга жеткирилген. Алардын 64үнө административдик протоколдор түзүлүп, бошотулган. Чара өз убагында каттоодон өтпөө жана визаны узартуу тартибин бузуу фактылары боюнча көрүлгөн. Ал эми 7 чет өлкөлүк жаран өлкө аймагында мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган документтери жок болгондуктан, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аталган протоколдордун негизинде жалпы суммасы 600 миң сомдон ашык административдик айып пул салынды. Мындан тышкары, чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн иш берүүчүлөргө карата 2 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 130 миң сом айып салынды.
Бишкекте 71 чет өлкөлүккө жаза чегерилди
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















