Араванда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына шектүү айдоочу кармалды
Араван районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу KIA Sorento унаасынын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ош облустук милиция бүгүн, 21-августта билдиргендей, кырсык 7-августта Юсупова айыл аймагында болгон. Анда KIA Sorento менен Daewoo Matiz кагылышып, Matizди башкарып бараткан 1988-жылы туулган М.А. окуя болгон жерде каза болгон.
Кырсык боюнча экспертизалар дайындалып, экспертизанын жыйынтыгы 17-августта чыккан. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
1984-жылы туулган KIA Sorento айдоочусу А.М. 20-августта шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин каза болгон жарандын жакындары экспертизанын жыйынтыгы чыга электе айдоочуга чара көрүлбөй жатканына нааразы болуп, маалымат жыйын өткөрүшкөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















