Усэйн Болттон тезирээк... Робот 100 метрлик чуркоодо рекордду жаңылады
Кытайлык гуманоид робот адамдардын 100 метрлик рекордун жаңылаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Экинчи дүйнөлүк гуманоид робот оюндарына даярдык учурунда робот 100 метрди 9,32 секундда чуркап өткөн. Анын эң жогорку ылдамдыгы секундасына 14,5 метрди түзгөн. Бул аралык боюнча рекордду 2009-жылы ямайкалык спортчу Усэйн Болт койгон. Ал аралыкты 9,58 секундда чуркап өткөн эле. Эми робот аралыкты 0,26 секундга тезирээк чуркап өттү.
Айта кетсек, экинчи дүйнөлүк гуманоиддик робот оюндары кечээ, 22-августта Пекинде башталган. Оюндар 26-августка чейин уланат.
Усейн Болттон тезирээк... Робот 100 метрлик чуркоодо рекордду жаңылады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:15
2026-08-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















