Апасы артынан секирип... Индияда телефондун айынан бала аскадан атасы менен кошо кулады (видео)
Индияда 18 жаштагы Кунал Чандваде Махараштра штатындагы Тисгаон айылынын жанындагы Кхавдя Донгар аскасынан кулап каза болду. Аны менен бирге ата-энеси да каза тапты.
Чет элдик басылмалардын жазгандарына караганда, окуя 21-авгутта болгон. Жигит ата-энесине iPhone үлгүсүндөгү телефон сатып алып бербегенине нааразы болгон. Мындан улам бала жардан секирүүгө аракет кылган. Анын жаман оюнан кайттыруу үчүн ата-энеси, жергиликтүү тургундар, полиция кызматкерлери жана куткаруучулар дээрлик үч саат аракет кылышкан.
Акырында атасы ага жакындап жардын кырынан тартып алуу аракетин жасаган. Бирок бала секиргенде экөө тең жардан ылдый кулаган. Артынан баланын апасы да секирген. Полиция окуяны иликтеп жатканы маалымдалды.
Апасы артынан секирип... Индияда телефондун айынан бала аскадан атасы менен кошо кулады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















