Бишкекте бир кыз унаасын оңдоочу жайга тапшырып уурдаткан. Шектүү кармалды
Унаа уурдоого шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-августта бир кыз милицияга арыз менен кайрылган. Ал Бишкек шаарындагы унаа оңдоочу жайга Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаасын таштап кетсе, белгисиз адам ал жактан унаасын уурдап кеткенин айткан.
Шектүү катары Ноокен районунун тургуну колго түшүп, Токтогул райондук милициясына жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















