Казакстандагы шайлоо: Месси, Роналду, робот жандаган халатчан кыз, кызынын колун сураган жигит
Бүгүн, 23-августта Казакстанда Курултайга (бир палаталуу парламентке) шайлоо өтүп жатат. Өнөктүк учурунда шайлоо тилкелерине өзгөчө образда келгендер болууда.
Астанада үй халатын жана тапочка кийип, башына сүлгү оронгон өз добушун берди. Аны гуманоид робот коштоп жүрдү. 
Алматыда эки адам футбол жылдызы Месси менен Роналдунун образында №70 мектептеги №294 шайлоо участогунан добуш беришти. Добуш берерден мурун, "Месси" менен "Роналду" мектептин сыртында кыска футболдук машыгуу өткөрүшкөнүн казак басылмалары жазышты.

Түркстанда бир нече жарандар Курултай шайлоосуна катышуу үчүн кайык менен келишти. Казак басылмалары бул адаттан тыш учур Түркстандагы шайлоо күнүнүн эсте каларлык өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп калганын белгилештти.

Ал эми Алматы облусундагы шайлоо тилкелеринин биринде бир жигит сүйлөшкөн кызына үйлөнүү сунушун киргизди. Жаштар добуш бергенден кийин, казакстандык жигит сүйлөшкөн кызына шайлоо участогунда шакек белек кылды. Кыз макул болгон.

Мындан тышкары, Япониядан шайлоого катышкан казакстандык жаранда өзгөчөлдү. Ал Токиодогу шайлоо участогуна добуш берүү үчүн казак улуттук кийимин кийип барды.

0

Супер-Инфо
super.kg видео
















