Орусиялык спортчу аба шарынан секирүү боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд койду
Орусиялык экстремалдык спортчу Сергей Бойцов аба шарынан стратосферада секирүү боюнча дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Ал 11 миң 551 метр бийиктиктен секирген. Абага көтөрүлүү үчүн көлөмү 10 миң куб метр болгон эң чоң ата мекендик аба шары колдонулган. Кулоо учурунда Бойцовдун ылдамдыгы саатына 500 чакырымдан ашкан. Анын парашюту 1565 метр бийиктикте ачылган. Андан кийин Бойцов Алтай аймагынын Усть-Кальман районуна конгон.
Бул категориядагы мурунку дүйнөлүк рекорд 10 миң 60 метрди түзүп, поляк экстремалдык спортчуларына таандык болчу. Ошентип, Бойцов андан 1491 метрге ашты.
Орусиялык спортчу аба шарынан секирүү боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд койду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:42
2026-08-23
11:15
2026-08-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















