Гвинеяда таштанды таштоочу жай урап, 30 адам каза болду
Гвинеянын борбору Конакри шаарында таштанды таштоочу жайдын чоң бөлүгү урап, кеминде 30 адам каза болду. Бул тууралуу өлкө бийлиги билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Окуя кечээ, 23-августка караган түнү, болжол менен саат 02:00дө, Гбессия коммунасындагы Дар-эс-Салам аттуу ири таштанды полигонунда болгон. Нөшөрлөгөн жаандан улам топтолгон таштандылардын массасы жылып, жакын жайгашкан үйлөрдү жана убактылуу курулуштарды басып калган.
Кырсыктан дагы 6 адам оор, 16 адам жеңил жаракат алган. Куткаруучулар урандылардын арасынан тирүү калгандарды издөө иштерин улантышууда.
Белгилей кетсек, бийлик кырсыктан бир нече күн мурда полигонду жабуу жана анын айланасында жашаган адамдарды коопсуз аймакка көчүрүү чечимин кабыл алган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















