Сирия менен Израил чабуулдарды токтотуу шарттарын талкуулады
Кечээ, 23-августта Сирия менен Израилдин делегациялары АКШнын ортомчулугу менен Иорданияда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери билдирди.
Сириянын делегациясын тышкы иштер министри Асаад Хасан аш-Шайбани жетектеп, анын курамына чалгын кызматтарынын жетекчилери да кирген. Тараптар Израилдин Сириянын аймагына жасаган соккуларын токтотуу шарттарын жана коопсуздук боюнча келишим түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу маселесин талкуулашты.
Ошондой эле Түркия менен Израилдин ортосундагы чыңалуунун Сирияга жайылышына жол бербөө чаралары каралды.
Сүйлөшүүлөр Израилдин 18-августта Сириядагы Абу-эд-Духур авиабазасына сокку ургандан кийин өттү. Израил бул соккуну Түркия аталган базага аскерлерин жайгаштырууну пландаган деген жүйө менен түшүндүргөн. Бирок Анкара мындай планы жок экенин билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















