super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз ММА мушкерлери "MANGU" лигасынын командалык таймашында кубокту жеңишти

 

Кечээ, 24-августта Кыргызстандык ММА мушкерлери Өзбекстандын командасы менен болгон беттеште "MANGU" лигасынын кубогуна ээ болушту.

Уюштуруучулар билдиргендей, эки команданын жалпы эсеби 2:2 болгон. Бирок чечүүчү бешинчи беттешке чыгышы керек болгон өзбек мушкери салмактан өтө албай, кармашка катыша алган жок. Натыйжада "MANGU" лигасынын жетекчилиги кубокту Кыргызстандын командасына тапшырды.

Командалык таймашта кыргызстандык мушкерлер Уран Раимжанов, Урмат Кенжебек, Белек Айтикул уулу, Казат Алыбек уулу жана Магомед Исаев күч сынашты.

Маалымат үчүн: "MANGU" лигасы бул мушкерлер катышкан жекеме-жеке таймаштарды уюштурган спорттук лига. Анда ММА жана башка мушташ түрлөрү боюнча беттештер өткөрүлөт.






Кыргыз ММА мушкерлери "MANGU" лигасынын командалык таймашында кубокту жеңди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: