Бишкекте Өмүрбек Текебаев менен Кубан Чороевдин китебинин бет ачары өттү (видео)
22-августта Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Өмүрбек Текебаев менен Кубан Чороевдин "Династия. Металл. Ат" аттуу монографиясынын биринчи томунун бет ачары өттү. Бул тууралуу авторлор социалдык тармактагы баракчаларынан билдиришти.
Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, тарыхчылар жана изилдөөчүлөр катышты. Алардын арасында польшалык тарыхчы жана археогенетик Лукаш Лапинский да бар.
Авторлордун гипотезасына ылайык, мындан 3-4 миң жыл мурда Алтай, Саян, Тянь-Шань жана Ала-Тоо аймактарын камтыган, аянты болжол менен 2,5-3 миллион чарчы чакырым болгон тоо-талаа мейкиндигинде Евразиядагы алгачкы көчмөн цивилизация калыптанган. Биринчи том дал ушул тарыхый мезгилди камтыйт. Изилдөө археология, археогенетика, металлургия жана башка илимий маалыматтарга негизделген.
Өмүрбек Текебаев эмгекте сунушталган концепцияны "революциялык сунуш, революциялык илимий жаңылык" деп мүнөздөдү.
Китептин англис тилиндеги версиясы да жарык көргөн.
Бишкекте "Династия. Металл. Ат" китебинин бет ачары өттү
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















