Өлкөдө "Алтай жана анын достору" кыргызча мультсериалы тартылды (видео)
"Алтай жана анын достору" кыргызча мультсериалынын бет ачары 24-августта "Баластан" телеканалында болот.
Маданият министрлиги билдиргендей, балдар үчүн кыргыз тилинде даярдалган жаңы 2D анимациялык сериал 40 сериядан турат. Ар бир эпизод 5 мүнөттүк болуп, 1-5 жаштагы балдарга арналган.
"Мультсериалдын башкы каарманы акылдуу жана боорукер күчүк - Алтай. Ал Кыргызстанды кыдырып жүрүп, Асман аттуу ак илбирс, Мейкин аттуу коён жана Ширин аттуу чычкан досторду табат. Каармандар кызыктуу окуяларга туш болуп, достукту, жаратылышты сүйүүнү жана бири-бирине жардам берүүнү үйрөнүшөт",- деп белиленген маалыматта.
Долбоорду Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын буюртмасы менен "Байрак" студиясы ишке ашырган. Режиссёру Максат Болотбек экени маалыматта кошумчаланды.
Өлкөдө "Алтай жана анын достору" кыргызча мультсериал тартылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















