АКШда иммиграциялык виза берүүгө киргизилген чектөө мыйзамсыз деп табылды
Нью-Йорк штатынын федералдык соту АКШнын Мамлекеттик департаментинин 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотуу чечимин мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Соттун чечимине ылайык, мамлекеттик катчы Марко Рубио мындай чектөөнү киргизүүдө өзүнүн ыйгарым укуктарынан ашып кеткен. Ошондой эле ушул чечимдин негизинде гана баш тартылган визалардын баары жокко чыгарылды.
Эскерте кетсек, чектөө киргизилген өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Беларус, Армения, Азербайжан жана Грузия да бар болчу. Бул чара туристтик, студенттик жана ишкердик визаларга эмес, негизинен АКШда иштөө же үй-бүлө менен бирге болуу сыяктуу иммиграциялык визаларга тиешелүү болгон.
АКШ өкмөтү соттун чечимине каршы апелляция бере алары маалыматта кошумчаланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















