Казакстанда Курултайга канча партия өттү?
Казакстанда 23-августта өткөн Курултай депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн үч экзитполдо тең "Адилет" партиясы биринчи орунду ээледи.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, экзитполдордо аталган партия 70,7 пайыздан 72,3 пайызга чейин добуш топтогон. Экинчи орунда "Ауыл" - 6,2-6,4 пайыз, үчүнчүдө "Республика" - 5,2-5,5 пайыз көрсөтүлдү.
Алдын ала маалымат боюнча, шайлоого 9 миллион 352 миң 151 жаран катышып, шайлоочулардын активдүүлүгү 74 пайыздан ашкан.
Белгилей кетсек, шайлоонун алдын ала жана акыркы жыйынтыктарын кийинчерээк Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялайт. Акыркы расмий жыйынтыктар 30-августка чейин белгилүү болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:25
2026-08-24
9:11
2026-08-24
15:42
2026-08-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















