Дрондор Орусиядагы Ozon компаниясынын төрт логистикалык борборуна чабуул жасашты (видео)
Бүгүн, 24-августка караган түнү Орусиянын Адыгейск, Махачкала, Невинномысск жана Краснодар шаарларындагы Ozon компаниясынын логистикалык борборлору дрондордун чабуулуна кабылды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, Махачкаладагы кампада өрт чыгып, бир нече кызматкер жабыркаган. Краснодардагы кампада да өрт чыгып, кызматкерлер эвакуацияланды. Ал эми Адыгейск жана Невинномысск шаарларындагы объекттерде кызматкерлер жабыркаган эмес, олуттуу зыян катталган жок.
"Ошол эле түнү Краснодарга болгон массалык дрон чабуулунан улам жеке балдар борборуна дрондун сыныктары түшүп, эки бала каза болуп, жети жашы жете элек бала жана эки чоң киши жабыркады",- деп кошумчаланды маалыматта.
Дрондор Орусиядагы Ozon компаниясынын төрт логистикалык борборуна чабуул жасады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:11
2026-08-24
15:42
2026-08-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















