Түркияда дрон чабуулдарынан улам кысыктарды соода кемелери үчүн жабуу сунушталды
Түркиянын Деңиз транспорту боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Дениз Ванк Кара деңиздеги соода кемелерине жасалган дрон чабуулдары токтобосо, түрк кысыктарын соода кемелери үчүн жабууну сунуштады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Акыркы окуя 21-августта болгон. Украинанын дрону Кара деңизде Түркиянын "Necibe" аттуу жүк ташуучу кемесине сокку урган. Жардамга келген Түркиянын желегиндеги "Ural" кемеси да дрондун чабуулуна кабылган. Анын кесепетинен бир деңизчи каза болуп, дагы сегиз адам жаракат алган.
Буга чейин, 3-августта Новороссийск портунан чыккандан кийин түрк компанияларына таандык "Yaşar" жана "Nadezhda" аттуу эки жарандык кемеге дрондор менен чабуул жасалган. Анда экипаждын 11 мүчөсү жаракат алган.
"Эгер мындай чабуулдар токтобосо, 1936-жылдагы Монтрё конвенциясына ылайык түрк кысыктарын соода кемелери үчүн да жабуу тууралуу эл аралык коомчулукка билдирүү туура болот деп ойлойм",- деди Ванк.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















