Президент “Ырыс Ордо” аталышынын маанисин чечмелеп берди
Президент Садыр Жапаров “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун аталышынын маанисин чечмелеп берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-августта борбордун расмий ачылыш аземинде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, “Ырыс” - кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан улуттук философиясын камтыган түшүнүк. Ал бүтүндөй элдин бакубатчылыгын, берекесин, ынтымагын жана токчулугун туюндурат.
“Элибизде бекеринен “Ырыс алды - ынтымак” деп айткан эмес. Эгерде өлкөбүздө ынтымак болсо, анда ошол жерге ырыс ыроолойт, береке болот”, — деди президент.
Ал “Ырыс-Ордо” деген аталыш өлкөгө бакубатчылык чакырган жана мамлекеттин ырыскысын арттырууну тилеген маанини камтый турганын белгиледи. Президент жаштарга насаат айтты
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров иш-чарада жаштарга жана саясаттагы жаңы жүздөргө кайрылды.
Ал кийинки муун Мекен үчүн маанилүү маселелер жаралганда саясий көз карашына карабай бир туунун алдында чогулуп, бир позицияда тура алганын далилдеп келе жатканын белгиледи.
“Ушул асыл сапаттарыңардан жазбасаңар, Кыргызстандын жаркын келечеги силердин колуңарда”, - деди мамлекет башчысы.
Президент эгемендүүлүктүн 35 жылында өлкөдө саясий пикир келишпестиктер, бири-бирине жалган жалаа жабуу жана аймактык бөлүнүү сыяктуу көрүнүштөр болгонун айтты.
Ал жаштарды мурунку муундун терс жактарынан үлгү албай, жакшы сапаттарын өрнөк алууга чакырды.
“Ынтымактуу жана биримдиктүү болуп, келечекке ишенимдүү көз караш менен карап, күчтүү Кыргызстанды курууну улантып кетишиңер керек”, - деп кайрылды Садыр Жапаров.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















