“Ырыс Ордо” эмне үчүн Боз Бөлтөктүн этегинде жайгашкан?
Президент Садыр Жапаров “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун Боз Бөлтөктүн этегинде жайгашуусунун тарыхый жана символдук мааниси бар экенин айтты.
Анын айтымында, долбоорду ишке ашырууда имараттын коопсуздугуна, практикалык маанисине, шаар турмушуна тийгизе турган таасирине жана логистикасына өзгөчө көңүл бурулган.
“Ынтымак Ордонун да, Ырыс Ордонун да айтылуу Боз Бөлтөктүн этегинде жайгашуусу бекер жеринен эмес, ары символикалык көрүнүш”, - деди президент.
Мамлекет башчысы бул аймактарда тарыхый инсандар жашап, элдин тагдырына байланыштуу маанилүү чечимдер кабыл алынганын белгиледи.
Айтылуу Түлөберди баатыр ушул чөлкөмдөрдү жердеп, ал эми анын небереси Байтик баатыр дал ушул жерде ордо тикелеп, элдин келечегине байланыштуу чечимдерди кабыл алып турган.
Президент Түлөберди баатыр, Байтик баатыр жана алардын санаалаштары кыргыз элинин эгемендиги менен коопсуздугу үчүн күрөшүп, бул аймакта биригип, дипломатиялык кадамдарды жасаганын айтты.
"Арбактары ыраазы болушу үчүн айта кетүү атуулдук парзым”, - деди Садыр Жапаров.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















